Бөлүмдөр
Жума, 23-февраль
Жалал-Абад

Кара-Көл менен Кызыл-Кыянын футболчулары беттешти

Turmush -  Кара-Көл шаарынын «Энергетик» футболдук командасы Кызыл-Кыя шаарынын «Шахтер» командасы менен беттешти, деп билдирди аймактык кабарчы.

Беттеш 26-августта Кыргызстандын биринчи лигасынын биринчилиги үчүн өткөрүлүп, натыйжада 2:2 эсебинде «Энергетик» менен «Шахтер» командалары тең чыгышты.

Ал эми 27-августта өспүрүмдөр арасындагы Кыргызстандын биринчилиги үчүн Кара-Көлдүн «Искра» футболдук командасы менен Таш-Көмүр шаарынын «Шахтер» командалары беттешип, 1:0 эсебинде «Искра» командасы жеңишке жетти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1348
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×