Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Жалал-Абад

Фото - «Ас-Салам» фонду Кочкор-Атадагы жалгыз бой энелерди жаңы курулган үйлөргө киргизди

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында кечээ, 27-августта «Ас-Салам» кайрымдуулук фонду тарабынан көп балалуу жана жалгыз бой энелерге атайын курулган үйлөрдүн ачкычтары тапшырылды. Ошондой эле, аталган фонддун башкы директору Набил Альоун жана фонддун жетекчиси Нурмухамед Миңбаев тарабынан курулган балдар үйүнүн ачылышы болду. Бул мекеме күнүмдүк керектелүүчү буюмдар, эмеректер менен толук камсыз болгон.

Учурда кайрымдуулук фонд тарабынан Кыргызстандын бардык аймактарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө турак жайлар курулуп, кезеги менен ачкычтары тапшырылып жатат.

«Алгач Кочкор-Ата шаарындагы эски намазкананын имаратын оңдоо максатында "Ас-Салам" кайрымдуулук фондунун жетекчиси Нурмухамед Миңбаев менен тааныштык. Ал бизге керектүү жардамдарды көрсөтө турганын айтып, коомдун аярлуу катмарындагы үй-бүлөлөргө да жардам бере турганын билдирди. Биз аз камсыз болгон көп балалуу жана жесир аялдардын тизмесин берип, фонд тарабынан дагы бир үй-бүлө сунушталды. Бул долбоор 2017-жылы май айында ишке киришкен. Эгерде бул долбоорду биз мамлекеттик деңгээлде аткарсак тендер өткөрүүгө бир жылдан ашуун убакыт сарпталмак. Ал эми, фонд 3 айдын ичинде балдар үчүн сабак өтүүчү бөлмөлөрү менен кошо куруп берди.

Мындан сырткары, 5 үй-бүлөгө ылайыкташтырылган барак тибиндеги үйлөр курулуп, ачкычтары ээлерине тапшырылды.

"Ас-Салам" кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү муну менен чектелбестен суу көйгөйүн жараткан аймак менен таанышып, ал жактагы маселени оң тарапка чечип берүүнү убадалашты. Бул иштер үчүн Кочкор-Ата шаарынын элинин жана өзүмдүн атымдан ыраазычылык билдирем. Кыргызда Нурмухамед Миңбаев сыяктуу чыгаан инсандар көбөйө берсин», - деди Кочкор-Ата шаарынын мэри Алтынбек Жумаев.

«Ас-Салам» кайрымдуулук фонду өлкө ичиндеги социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө гана жардам бербестен, айылдарга мечиттерди, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборун куруп, таза суу көйгөйлөрүн чечүү менен алектенип келет. Мындан сырткары, жалгыз бой жана көп балалуу аялдарды үй менен камсыз кылып, саан уйларды берип, ата-энесинен ажыраган балдарга материалдык колдоо көрсөтүүнү улантууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1181
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу