Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Жалал-Абад

Эл ичи — өнөр кенчи: Жалал-абаддык экономист Э.Истамбаев бодибилдинг боюнча машыктыруучу болуп эмгектенет (фото)

Turmush -  26 жаштагы Элмар Истамбаев Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында туулуп өскөн. Ал бала кезде кең далылуу кино актерлорду жактырчу. Учурда Элмар Бишкек шаарында спорттун бодибилдинг түрүнөн машыктыруучу болуп эмгектенүүдө. Аймактык кабарчы спортчу менен таанышты.

Атасы Асалбек Истамбаев учурда 60 жашта болсо, апасы Батмакан Истамбаева 59 жаш куракта, ардактуу эс алуудагы пенсионерлер. Убагында Майлуу-Суу электр лампа заводунда эмгектенишкен. Элмар үй-бүлөдө 2 бир тууган. Майлуу-Суу шаарындагы №4 мектеп-гимназиясына 1997-жылы 1-класска кирип, аны 9-класска чейин окуган соң Майлы-Суу шаардык электр техникалык колледжине тапшырып, бухгалтер, экономист кесибин артыкчылык диплом менен аяктаган. Андан соң, 2006-жылы Ж.Баласагын атындагы КУУнун экономика факультетине тапшырып, 2009-жылы жогорку кесипке ээ болгон.

«Үй-бүлөдө атам, апам да таланттуу адамдар. Атам музыкада гитара кол ойнотсо, апам "Наристе" нсамблинде ырдачу. Спортко бала кезден аябай кызыкчумун, ошол кезде эле футбол, күрөшкө катыштым. Азыркы спортко Арнольд Шварценеггер, Ван Даммдарды көрүп кызыккам. Бодибилдинг — бул хоббим болчу. Бирок кийин машыктыруучу кесипке айланып калды. Өзүмө ишим аябай жагат. Майлуу-Сууда мурда башка улуттун адамдары машыкса аларды көрүп суктанчумун. Ошентип Бишкек шаарында 2009-жылы окууга келип бодибилдинг боюнча чемпион Шербек Токтомушев устатымды көрүп суктанып, агайдан тарбия алдым. Азыр 7 жылдан бери бул жаатта машыктыруучу болуп иштейм», - деди Э.Истамбаев.

Спорттон тышкары чет тилин мыкты өздөштүргөн Элмар эки тилде эркин баарлашат.

«Окуучу кезде Жалал-Абад боюнча өткөн сынакта англис тилинен 1-орунду алгам. Ал эми студенттик кезде чет тили жаатында жакшы иштерди алып бардык. Учурда чет тилин жакшы өздөштүргөм. Ошондой эле мага келген спортко кызыгуучулардын арасында ар бир жарандын генетикалык маалыматы болот, ошондон байкап аларга сабак берип келем. Андан сырткары тасмаларга тартылганга абдан кызыгам», - деди ал.

Элмар белгилүү актер Сүймөнкул Чокморовду жана америкалык актерлор Дуйэн Жонсон менен Арнольд Шварценеггерди кумир тутат.

Жүрөгү бош Элмар учурда ыймандуу кыздарды издеп жүргөн чагы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 931
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу