Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.75    82.62    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Базар-Коргондун тургуну Россияга кеткени жаткан аялын бычактап өлтүрүп, өзү асынып алды

Turmush -  Базар-Коргон районунун тургуну аялын бычактап өлтүрүп, өзү асынып каза болду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, 25-августта болжол менен саат 07:00дөр чамасында Базар-Коргон РИИБге жергиликтүү тургундардан билдирүү келип түшкөн. Алар Бешик-Жон айылында сарайда эркек кишинин асынып өлгөн жансыз денеси табылганын билдиришкен. Окуя болгон жерге тергөө-оперативдүү тобу барган.

Текшерүү учурунда үйдүн башка бөлмөсүндө аялдын кыйнап өлтүрүлгөн денеси табылган. Тергөө тобу тарабынан соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Маалым болгондой, эркек киши аялы менен урушуп жатып, аны бычак менен төш тарабына сайып жиберген. Алган жараатынан улам аял ошол жерде каза болгон. Андан соң күйөөсү сарайга барып, асынып каза болгон. Окуя болгон жерде ашкана бычагы табылган. Жубайлар 10 жылга жакын бирге жашашкан. Күйөөсү М.А., 1978-жылы туулган, Бешик-Жон айылынын тургуну, эч жерде иштечү эмес. Аялы Т.Э., 1987-жылы туулган. Ал билет алып, Россияга иштегени кеткени жаткан.

Белгилүү болгондой, үй-бүлө үй тургузуп, быйыл көчүп киришкен. Алардын эки баласы бар.

Болжолдуу маалыматтарга караганда, алар буга чейин деле урушуп келишкен. Окуя болгон күнү үйдө башка жакын адамдар болгон эмес. Аял балдарын бир туугандарыныкына жеткирген.

Аталган факт боюнча Базар-Коргон РИИБдин тергөө бөлүмү КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесине ылайык кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө иштери уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6001
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×