Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу 23.08.2017 10:55

Айыл турмушу: Ала-букалык Э.Нуркулов дыйканчылыктын үзүрүн көрүүдө (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунун Ак-Коргон айыл аймагындагы Баястан айылынын тургуну Элдор Нуркулов мектепти бүткөндөн тарта дыйканчылык менен алектенет. Ал жыл сайын жашылча-жемиш, картөшкө, пияз, күн карама, жүгөрүнүн жаңы сортторун өстүрүүдө.

«Быйылкы жылы 7 тонна картөшкө эктим. Анын 1 тоннасын голландиялык картөшкөлөр түзөт. Бул жылы картөшкөнү өндүрүп, жергиликтүү дыйкандарга үрөн катары таратып берейин деп жатам. Ошондой эле, түрктөрдүн пионер сортундагы күн карамасын 1 гектар жерге эгип, эми 4000 кг түшүм алууну пландап жатам», - деди Э.Нуркулов.

Мындан сырткары, 80 сотых жерге пияз айдап, андан 50-60 тонна түшүм алууну көздөөдө. Ошондой эле, 4 гектар жерде алма багы бар. Дыйкан 3 баланын атасы. Келинчеги окуучуларга математика сабагын окутат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×