Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Жалал-Абад

Аксыдагы жайлоодон кожогат терип келе жаткан үч аял аскадан кулап каза болду, бир окуучу жабыркады

Turmush -  Аксы районунда жайлоодон кожогат терип келе жаткан 3 аял аскадан кулап каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 20-августта саат 21:30 чамасында болгон.

«Аксы районуна караштуу Авлетим айыл аймагынын Ой-Алма жайлоосунан кожогат терип келе жаткан 3 аял кокустан аскадан кулап, окуя болгон жерде каза болушкан. Алар Кара-Суу айыл аймагынын Чалдывар айылынын тургундары – 1958-жылы туулган Н.Г, 1967-жылы туулган К.Ж, 1958-жылы туулган. Ө.Г. Алар менен чогуу келе жаткан №15 Б.Миӊбаев атындагы орто мектептин 6-классынын окуучусу денесинен жаракат алып, аймактык ооруканага түшкөн», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2283
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу