Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Кара-көлдүк Г.Шаменова франциялык окумуштуунун ыкмасы менен ишкерлик кылууда (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 45 жаштагы тургуну Гүлжамал Шаменова пастеризациялоодон өткөн табигый продукция чыгарган чакан цех ачып, 3 адамды жумуш менен камсыз кылды. Аймактык кабарчы ишкер айымдан кабар алды.

Г.Шаменованын айтуусунда, ал ишкерликти баштоо үчүн алгач 3 долбоор жазган.

«Ишкерлик кылуу идеясы муктаждыктан  улам келип чыкты. Балдарым чоңойду. Алар жогорку билимдүү болуп, диплом алышты. Бирок азыркы кезде жумушсуздук мамлекетибиздин негизги көйгөйү болгондуктан, эне катары балдарымдын келечегин ойлоп, изденип баштадым. Жеке ишкерлик менен алектенүүнү туура көрүп, алгач төрт идея пайда болду. Анын үчөөнө бир жарым жыл бизнес долбоор иштеп чыктым. Учурда алгачкысын ишке ашырып, мөмө-жемиштерди пастеризациялоо ыкмасы менен жасап жатабыз. Пастеризациялоо ыкмасы бууландырып кайра кургатуу дегенди билдирет. Аны 19-кылымдагы микробиолог, француз окумуштуусу Пастер Луи иштеп чыккан экен. Бул ыкма аркылуу продукцияларды чыгарууну колго алдык», - деди ал.

Ал чыгарган продукцияларды ЕврАзЭСке мүчө мамлекеттерге экспорттоону пландоодо.

«Мен кара өрүктү Аксыдан, өрүк менен мейизди Базар-Коргондон, ал эми жаңгак жана башка данектерди Кара-Көлдөн сатып алам. Андан кийин аларды жууган соң, камыштан токулган таза серелерге жайып, табигый жол менен кургатып, бууландыргычтан тазалоодон өткөрүп, кайра кургаткычка салып дагы бир ирет кургатам. Бул пастеризациялоо ыкмасы табигый мөмө-жемишти микроорганизмден зыясыздандыруу менен чектелбестен, анын даамын, сапатын жакшыртат жана сактоо мөөнөтүн узартат. Биз чыгарган күн азыкта бал менен жаңгак, кычкыл майдаланган өрүктөн, эки түрдүү мейизден кошулган продукция бар. Учурда жаш балдарыбыз кытырак (чипсы) жешет. Алардын ден соолукка зыян экендиги интернет булактарында жазылып келет. Ошондуктан ата-энелер балдарына пайдасыз нерселерди сатып бергенден көрө кургатылып, пастеризациялоодон өткөн витаминге бай мөмө-жемиштерди беришсе жакшы болмок. Продукциябыз учурда Кара-Көл менен Токтогулдун дүкөндөрүнө эки жолу сатыкка чыкты. Келечекте бул продукцияны ЕврАзЭСке мүчө мамлекеттерге экспорттоону пландап жатам», - деди ал.

Г.Шаменова 2005-жылы Ош юридикалык академиясын аяктаган. Алгачкы эмгек жолун Кара-Көл шаарынын жарандык актыларды каттоо бөлүмүндө иштөөдөн баштаган. Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушу башталгандан тартып «Нарын гидроэнергокурулуш» ишканасынын кадрлар бөлүмүнө которулуп, 10 жылдан бери эмгектенип келет. 3 баланын энеси.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3645
×