Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Жалал-Абад

Айыл турмушу: 8 жаштагы М.Зуркайнаров Миллионду ижарага берип ишкерлик кылууда (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районунун Арстанбап айылынын 8 жаштагы тургуну Машкур Зуркайнаров Миллион деп атаган аты менен киреше табат. Аймактык кабарчы кичинекей ишкер менен таанышты.

Анын айтымында, атын 3 жыл мурда атасы алып берген. Аны аймакка келген туристтерге ижарага берип, шаркыратма, токой сыяктуу кооз аймактарды кыдыртып, кызмат акысын алат. Тапкан кирешеси өзүнө жана инисине мектеп формаларын жана окуу куралдарын алууга жетет.

«Бул атымды атам белекке берген. Биздин айылга келген туристтерди миндирип, шаркыратмага чыгарып, кооз жерлерди көрсөтүп келем. Атка миндирип, чоң шаркыратмага алып чыгып келүүгө 3-3,5 саат убакыт кетет. 1 күндө орто эсеп менен 500-600 сом табам. Туристтер келгенде алардын тилине түшүнбөй, алар мага түшүнбөй кыйналам. Тилмечтери менен келген туристтер болсо жакшы, кооз жерлер боюнча кичине болсо да айтып берем», - деди ал.

Жаш ишкер келечекте көп тил үйрөнүүнү пландап жатат. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2884
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу