Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу 21.08.2017 12:08

Айыл турмушу: Ала-букалык фермер голштин породасындагы букасын 204 миң сомго сатты (фото)

Turmush -  Ала-Бука районуна караштуу Ак-Коргон айыл аймагындагы Баястан айылынын тургуну Юсуп Рахманкулов эт, сүт багытындагы голштин, абердин-ангус породасындагы мал багат. Фермерден аймактык кабарчы кабар алды.

Ю.Рахманкуловдун айтымында, ал жаш кезинен бери мал чарбасы менен алектенип, акыркы 4 жылдан бери асыл тукум мал багып келет.

«Мындан 4 жыл мурда Чүй облусунан 120 миң сомдон 2 кунаажын алып келгем. 1 жыл өткөндөн кийин 13 баш кунаажынды жасалма жол менен уруктандырдык, бирок алардын бирөө гана тууду. Кийин Чүй облусунан атайын эт, сүт багытындагы 2 жаштагы голштин породасындагы буканы 100 миң сомго сатып алдым. Ал букадан жакшы торпоктор туулду. Өткөн жылы үйгө кардарлар келип, 100 миң сомго сатып алган букам 4 жашар болгондо 204 миң сомго сатып алышты. Ушул жылы Ош облусунан касапчылар келип, 3 жаштагы буканы 160 миң сомго сатып алып кетишти», - дейт Ю.Рахманкулов.

Ал белгилегендей, бир баш малды жасалма уруктандыруу акысы 1000 сомду түзөт.

«Учурда букалар арык, аларды кышка жакын багууга киргизем. Голштин породасындагы уйлар 30 литрге чейин сүт берет. Ал эми абердин-ангус породасындагы уйлар эт багытында, алар 3 литрден ашык сүт бербейт. Мындан сырткары, Россиядан алып келген асыл тукум жылкыларды багам, аларга дагы кызыккан кардарлар көп», - деди Ю.Рахманкулов.

Ю.Рахманкуловдун 3 уулу, 2 кызы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×