Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Жалал-Абад

Фото - Базар-Коргондо алыш күрөш боюнча эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды

Turmush -  Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айылында ушул жылдын 13-августунда өткөн алыш күрөш боюнча эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды.

Turmush басылмасынын кабарчысы маалымдагандай, мелдешке Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, тургундар күбө болуп, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан, Россиядан келген спортчулар катышты. Эл аралык мелдеште 70 кг салмактан 90 кг салмакка чейинки жалпы 389 балбан күч сынашкан.

Жыйынтыгында 70 кг салмак боюнча мелдеште 1-орунду Араван районунан келген балбан Бурканбеков Алибай, 2-орунду Жанышбек уулу Үсөн, 3-орунду Нематжан уулу Бактияр жана Аксыдан келген Тажибай уулу Нурбай багынтты.

Ал эми 80 кг салмактагы балбандар арасынан биринчиликти Сузак районунун Кара-Дарыя айылынын балбаны Хабибуллаев Куштар, 2-орунду Аксы районунан келген Каримжан уулу Жылдызбек, ал эми 3-орунду Базар-Коргон районунан Топчубай уулу Кубат жана Кара-Дарыя айылынын балбаны Табалдиев Руслан ээледи.

90 кг салмактагы балбандар арасындагы мелдеште Чаткал районунун Каныш-Кыя айылынын балбаны Молдотаев Бакыт баш байгени багындырса, 2-орунду Койлиев Ыйман, 3-орунду Арстанбап айылынын балбаны Келишов Мирхалил жана чаткалдык Молдотоев Бакыт ээледи. Жеңүүчүлөр алтын, күмүш жана коло медалдар жана дипломдор менен сыйланышты.

Алыш күрөшү боюнча эл аралык федерация 2002-жылы негизделген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 693
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу