Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Подполковник К.Акматов Чаткал РИИБдин башчысы болуп дайындалды

Turmush -  Чаткал райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы болуп милициянын подполковниги Акматов Кубанычбек Сапарбаевич дайындалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка министр У.Исраилов кол койгон.

К.Акматов буга чейин Жалал-Абад ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп иштеп келген.

Ал эми Чаткал РИИБдин мурунку башчысы Муратов Медербек Стамалиевич ээлеген кызматынан бошотулуп, Жалал-Абад ОИИБдин криминалдык милиция кызматынын башчысы болуп дайындалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 834
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×