Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Фото - Базар-Коргондогу жол кырсыктан 2 адам жаракат алды

Turmush -  Ош—Бишкек унаа жолунун болжол менен 545-чакырымында эки унаа кагылышып, эки адам ооруканага жаткырылды. Жабырлануучулардын бири бутунан жаракат алса, экинчисинин жаагы сынып кеткен. Turmush басылмасынын кабарчысына маалымдалгандай, окуя кечээ, 12-августта Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Бешик-Жон  айылынын аймагында «Дэу Матиз» менен «Жигули» унааларынын катышуусунда болду.

Кырсыктын чоо-жайын патрулчулар териштирип, жабырлануучуларды Базар-Коргон аймактык ооруканасынын дарыгерлери дарылап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 966
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×