При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-август
68.71    80.58    1.15    KZT 0.21

Талма оорусу кармаганда кайнак сууга күйүп калган З.Ашыровага калктан 104 миң сом чогулду (фото)

Turmush -  Талма оорусу кармаганда кайнак сууга күйүп калган Кара-Көл шаарынын 44 жаштагы тургуну Зейнеп Ашыровага жергиликтүү калк акчалай жардам берүүдө.

Б.Ашированын апасы Зейнеп Ашированын айтымында, колунда бар адамдардан, мекеме-ишканалардын жетекчилеринен жана кайдыгер карабаган адамдардан өздүк эсепке 104 миң сом которулду.

«Биз Бишкектеги №4 ооруканага барып, дарыгерлер менен сүйлөштүк. Алар кызыбыздын абалын сүрөттөн көрүп, күйүп калган жерлеринде майда клеткалар жайгашканын айтып, аны көрүүгө аппарат жок экендигин билдиришти. Мындай операцияны Россия же Түркияда жасаларын айтышты. Операция үчүн калктан бүгүнкү күндө 104 миң сом чогулду. Жалпы операцияга жалпы 180 миң сом керектелет экен», - деди ал.

Буга чейин маалымдалгандай, Б.Ашырова 2016-жылдын 26-сентябрында денесинен катуу күйүк алган.

«Кызым 2016-жылдын 26-сентябрында күйүп калган экен. Мага айтышпаптыр. Ошол күнү 2 кызы мектепке кетсе, 2 баласы менен жолдошу эшикте жүргөн. Плитага чайга суу коюп, ошол кезде талма оорусу кармап, кайнап жаткан суу ага төгүлүптүр. Эшикте жүргөн жолдошу кызымдын ары-бери чуркап жатканын жана күйүп калганын көрүп, ооруканага жеткириптир. Мен 27-сентябрда түнкүсүн угуп, кызымды көргөнү келсем, абалы өтө оор экен. Буту-башы таңылып, эки колу эки жакты карап, көзү да көрүнбөй, таңылып жаткан экен. Ооруканада 3,5 ай жатты», - деди ал.

З.Ашырова кызы турмушка чыккандан кийин үй-бүлөлүк чыр-чатактын айынан башынан катуу жаракат алып, ошондон улам талма оорусуна кабылганын айтууда.

«Ооруканада жатканда дарыларын өзүбүз сатып алып жаттык. Анын колдору, колтуктары, мойну күйүктөн улам жабышып калган. Операция жасатууга жалпы 180 миң сом керектелет экен. Мэрия 20 миң сом которуп беришти. Калган сумманы чогултуу үчүн кайрымдуу элден жардам сурайбыз. Кызым мурункудай абалына келип калса экен деп тилейм. Жолдошунун туруктуу жумушу жок. Бирок, колунан келген ишти жасап, үй-бүлөсүн бакканга аракет кылып келет. Кызым 10 бала төрөгөн, бирок 5 баласы чарчап калган», - деди З.Ашырова.

Ал эми, шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Чынара Тургунбаева Б.Ашырова 2009-жылдан бери талма оорусу менен жабыркаган жаран катары каттоодо турарын билдирди.

Банктагы эсеп: 1031620202122593

Банктын идентификациялык коду: 103016

Кардардагы ИНН: 11808197700722

Банктагы ИНН: 02712199110068

«Кыргызстан коммерциялык банкынын» Кара-Көл шаарындагы филиалы.

Алуучунун дареги: 715434, Кара-Көл шаарынын Ленин көчөсү №1-а.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 502
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу