Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Арстанбаптык келиндер арасында жайкысын таттууларды жасоо боюнча атаандаштык күчөйт (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айылындагы кыз-келиндер жайкысын түрдүү таттууларды жасап, туристтерге сатышат.

Жергиликтүү тургун Жайлоокан Эрматованын айтымында, аймакта кыз-келиндер арасында таттууларды жасоо боюнча атаандаштык күч.

«Мен 15 жылдан бери Арстанбап шаркыратмасында кумшекерден түрдүү таттууларды жасап, келген туристтерге сатам. Айылда жумуш жоктугунан көпчүлүк келиндер таттууларды жасап, киреше табабыз. Сатуучулар арасында дагы атаандаштык күч. Мындан улам жыл сайын башкалардан айырмаланып туруу үчүн таттуулардын формасына өзгөртүүлөрдү киргизебиз. Азыр мен таттуулардын 10го жакын түрүн жасайм. Арасында гүлдүү кант, халва кант түрлөрү бар. Ун менен жасалган шириндикти дагы көп алышат», - деди ал.

Жамийла Хажидинованын айтымында, ал таттууларды жасап, сатып иштегенине быйыл 30 жыл болду.

«Биздин жумуш жай мезгилинде гана болот. Калган учурларда дыйканчылык менен алектенебиз. Канттан жасалган таттуулардын баалары дагы арзан. 5 сомдон 50 сомго чейинки канттар бар. Быйыл туристтердин саны жылдагыга салыштырмалуу аз. Мурун күнүнө 4-5 миң сом киреше тапсак, быйыл 2-3 миң сомдун тегерегинде соода кылып жатабыз», - деди Д.Хаждинова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1568
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×