Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Акыркы суткада өлкө аймагында 37 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 37 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 37 өрт өчүрүү бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 11-августта ӨКМдин басма сөз кызматы.

Жалал-Абаддагы Ала-Бука районунун Ала-Бука айылында жүрүп бара жаткан «Ауди 80» үлгүсүндөгү унаанын мотору күйүп кетти.

Араван районунун Нур-Абад айыл аймагындагы Какыр-Пилтен тилкесинде эки кабаттуу бастырмадан өрт чыгып, чатыры, 4,5 тонна саман өрттөндү. Өрт кошуна жайгашкан бастырмага да өтүп, чатыры, 1,5 тонна чөп күйгөн. Өрт кырсыктардан адамдар жабыркаган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 509
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×