Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.57    80.64    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

Сузакта жер көчкү кооптуулугу бар 3 айылдан Көк-Булакка көчүп келгендерге үйлөр курулууда (фото)

Turmush -  Сузак районунда 14 жаштагы окуучу жер көчкү алдында калган окуя орун алган Алмалуу-Булак айылынын тургундарына экинчи жолу жер тилке берилип, учурда ал жерге турак үйлөр курулууда.

Тактап айтканда, былтыркы жылы жер көчкү жүрүү кооптуулугу бар Ачы зоонасындагы Алмалуу-Булак, Соку-Таш, Ак-Терек айылдарында жашагандарга Көк-Булак участкасынан жалпы 302 түтүнгө жер тилке бөлүнүп берилген. Быйыл жаз мезгилинде жашоочулар берилген жер тилкелерге үй тургузууну башташкан..

Сузак районунун акими Эрмекбай Омошевдин маалыматына караганда, бүгүнкү күнгө чейин 135 үйдүн пайдубалы түптөлүп, 39 үйдүн дубалы салынды. Калган үй-бүлөлөр да үйлөрүн тургузуунун аракетин көрүп жатат.

«Жергиликтүү бийлик 29 мамы алып берди, райондук администрация электр чубалгыларын сатып берди. Сузак райондук электр тармактар ишканасы тарабынан трансформатор коюлуп, электр мамылары орнотулду. Ошондой эле, 851 түтүнгө акысыз эсептегич берилди. Калк үчүн колдон келген аракетти жасап жатабыз. Негизгиси электр жарыгын тартып бердик, эми таза суу, жол маселесин чечүүгө аракет жасайбыз, өкүл өз фондунан каражат бөлмөй болду», - деди аким.

Аталган участкада жүрүп жаткан курулуш иши менен өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев жеринде таанышып, үй тургузуп жаткан жашоочулар менен баарлашты.

Жашоочулар электр жарыгы берилгенине ыраазычылыктарын билдиришип, эми суу маселесин чечип берүүнү суранышты. Өз кезегинде өкүл таза суу маселесин чечүү боюнча долбоор жазылып жатканын белгиледи.

Маалым болгондой, Көк-Булак участкасында 150 орундуу 2 кабаттуу мектептин курулушу башталмакчы. Бул участкага бала бакча, ФАП куруу үчүн жер бөлүнүп, долбоор жазылган.

Тема боюнча:

25.05.2015Фоторепортаж – 6 адамды жана 5 үйдү басып калган Сузактагы жер көчкүдөн куткаруу иштери
25.05.2015Фоторепортаж – 6 адамды жана 5 үйдү басып калган Сузактагы жер көчкүдөн куткаруу иштери
05.09.2015Сузактагы жер көчкүдөн жабыр тарткан 8 үй-бүлөгө курулган үйлөрдүн ар бирине 1,5 млн сом жумшалды (фото)
28.04.2016Сузактагы жер көчкү 9-класстын окуучусун басып калып, кош бойлуу аял куткарылды (фото)
28.04.2016Сузактагы жер көчкү учурунда кош бойлуу Р.Койчуеваны кошуналары куткарып калышты (фото, видео)
28.04.2016Сузактагы жер көчкүнүн алдында калган өспүрүмдү издөө иштери уланууда (фото)
29.04.2016Сузактагы жер көчкүдөн каза болгон өспүрүмдүн үй-бүлөсүнө материалдык жардам бөлүндү
27.05.2016Сузактагы жер көчкүдөн жабыркагандарга облустук милиция жардам көрсөттү (фото)
05.10.2016Сузактагы жер көчкүдөн жабыркаган тургундарга коопсуз аймактан жер берилет
27.01.2017Сузактагы жер көчкү: Кооптуу аймакта жашаган 13 үй-бүлө көчүрүлүүдө (фото)
30.01.2017Сузактагы жер көчкү: Кооптуу аймактагы тургундар жүктөрүн ат, эшек менен көчүрүүдө (фото, видео)
07.08.2017Сузакта жер көчкү кооптуулугу бар жерден Көк-Булакка көчкөндөргө электр жарыгы берилди (фото)
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 636
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×