Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.57    80.64    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

Сузакта үйлөрү жер көчкү алдында калган 4 үй-бүлөгө мекемелер которгон акчага үйлөр курулууда (фото)

Turmush -  Сузак районунун Кыз-Көл айыл аймагынын Сары-Булак айылында үйлөрү жер көчкү алдында калган 4 үй-бүлөгө мекеме-ишканалардын кызматкерлери бир күндүк эмгек акыларын которуп, чогулган каражатка үйлөр тургузулууда.

Маалым болгондой, ушул жылдын 26-январында жүргөн жер көчкү 3 үйдү басып, бир үйгө жакындап токтогон. Андагы жашоочулар качып чыгууга үлгүрүшкөн. Үйсүз калган жашоочулар айылдагы «Орток» токой чарбасынын кеңсесине жайгаштырылып, тамак-аштар менен камсыз болгон. Ошондой эле, жашоочуларга Кашка-Терек айылындагы Аэропорт аймагынан жер тилке берилген. Үй-жайсыз калган жашоочулар үчүн кайрымдуулук фонд ачылып, фондго райондогу мекеме-ишаналар бир күндүк эмгек акысын которуп беришкен. Жалпы 1 миллион 300 миң сом чогулуп, ал каражатка 4 үй-бүлөгө турак жай тургузулууда.

Кыз-Көл айыл аймагынын башчысы Автандил Кушбековдун ырастоосунда, топтолгон каражатка тендер өткөрүлүп, «Заманбап курулуш 1» ЖЧКсы утуп алган. Бул ишкана келишимге ылайык 31-августка чейин турак жайларды бүткөрүп бериши керек. Учурда курулуш иши кызуу жүрүп жатат.

Аэропорт участкасында 11 миң гектар жер трансформация болуп, 78 жер тилкеге бөлүнгөн, анын ичинен 48 тилкеси элге берилген. Калганына социалдык объектилерди, ички жолдорду куруу каралган. Бул участкага да электр жарыгын жеткирүү үчүн айыл аймак 10, акимиат 10 электр мамычасын алып берсе, калганын РЭС бүткөрүп жатат.

Аталган участкадагы абал менен өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев да таанышып чыкты. Таза суу маселесин чечүү боюнча бирдиктүү иш жүргүзүү сүйлөшүлдү жана өкүлдүн резервдик фондунан акча бөлүнмөй болду. Маалым болгондой, мындагы участкага эртеңден тарта электр жарыгы берилип баштайт.

Буга чейин маалымдалгандай, жер көчкүдөн жабыркаган Сары-Булак айылынын жашоочулары башка жерге көчүүгө аргасыз болушкан. Аталган айылда 13 турак үй жер көчкү жүрүү коркунучу бар кооптуу жерде жайгашкандыктан, жашоочулар массалык түрдө көчүүгө мажбур болушкан. Айрым үйлөр бийик жерде жайгашкандыктан унаа чыгууга мүмкүн болбой, тургундар ат, эшектерди колдонушкан.

Көчкү басып калган турак үйдүн биринде 13 адам болсо, анын көпчүлүгүн жаш балдар түзөт. Көчкү жүргөн маалда жаш балдардын баары сыртта болгондуктан качууга үлгүрүшкөн. Жабыркагандардан айыл четинде жайгашкан «Орток» токой чарбасынын кеңсесине убактылуу баш калкалоого 5 үй-бүлө көчүп келген.

 


Тема боюнча:

28.04.2016Сузактагы жер көчкүнүн алдында калган өспүрүмдү издөө иштери уланууда (фото)
29.04.2016Сузактагы жер көчкүдөн каза болгон өспүрүмдүн үй-бүлөсүнө материалдык жардам бөлүндү
27.05.2016Сузактагы жер көчкүдөн жабыркагандарга облустук милиция жардам көрсөттү (фото)
05.10.2016Сузактагы жер көчкүдөн жабыркаган тургундарга коопсуз аймактан жер берилет
27.01.2017Сузактагы жер көчкү: Кооптуу аймакта жашаган 13 үй-бүлө көчүрүлүүдө (фото)
30.01.2017Сузактагы жер көчкү: Кооптуу аймактагы тургундар жүктөрүн ат, эшек менен көчүрүүдө (фото, видео)
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 664
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×