Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.43    80.97    1.19    KZT 0.2
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Арстанбаптык К.Мусакулов жыгачтан жасаган азем белектерин туристтерге сатат (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл аймагынын тургундарынын көпчүлүгү жумуш жоктугуна байланыштуу кол өнөрчүлүк менен алектенишет.

Жергиликтүү тургун Кочкор Мусакуловдун айтымында, кол өнөрчүлөр жасаган эмгектерин көбүнчө аймакка келген туристтерге сатышып, киреше табышат.

«Мен акыркы 8-9 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенем. Карагай, долоно, теректен түрдүү азем белектерди жасап, сатыкка чыгарам. Арстанбапка келген туристтер каалаган буюмдарын сатып алышат, кээде өздөрүнүн оюндагыдай азем белектерди сурап келишет. Мындан улам, аларды жаңы форматта жасоо идеясы пайда болот. Жасаган эмгектерибиз кардарга жагып, анын табитине дал келиши керек», - дейт кол өнөрчү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 503
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×