Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.43    80.97    1.19    KZT 0.2
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Базар-коргондук окуучу Айпери гавар өсүмдүгүн сатуу менен акча топтойт (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районунун Акман айылынын 12 жаштагы тургуну Айпери Култаева жайкы эс алуу учурунда гавар өсүмдүгүн терип, аны сатуу менен акча топтойт.

А.Култаеванын айтымында, күн сайын курбу кыздары менен тоого чыгып, орто эсеп менен 4,5-5 кг гавар өсүмдүгүн терип, 1 килограммын 53 сомдон өткөрөт.

«Мен 7-класста окуйм. Жайында кошуналарыбыз жана курбу кыздар менен бирге адырга барып, гавар өсүмдүгүн терип келебиз. Чындыгында бул мөмөнү биринчи терген адамга өтө кыйын болушу мүмкүн. Анткени ал тикенектүү чөптүн арасында өсөт. Мен акыркы 2 жылдан бери бул өсүмдүктү терип, киреше табам. Эгер анын чоңдорун терип алсак сатууга жараксыз болуп калат. Ошондуктан мөмөнүн майдаларын теребиз. Терип келген өсүмдүктүн килограммын 53 сомдон айылдагы сатып алуучуларга өткөрөбүз. 3 айдан бери 8000 сом чогулттум. Бул акчага мектеп формасын жана окуу куралдарын сатып алам», - деди Айпери.

Гавар өсүмдүгүнүн илимий аталышы – каперс (латынча сapparis). Жалал-Абад облусунун айрым аймактарында бул өсүмдүктү гөөл, көөл деп аташат. Жапайы өсүүчү өсүмдүктүн мекени Түндүк Африка, Азия жана Түштүк Европа, Франция, Италия, Индия, Греция, Сирия, Түркия, Армения өлкөлөрү. Бул өсүмдүк көбүнчө тамак-ашка жана медицинада дары катары колдонулат. Анын мөмөсү клетчаткага, органикалык кычкылдарга жана витаминдерге бай. Уругунан май алынып, массаж жасоодо колдонулат. Тамыры элдик медицинада дары катары пайдаланылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1185
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×