При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-август
68.74    80.81    1.15    KZT 0.21

Сузактагы жол кырсыктан бир айылдын 4 тургуну каза болду, 2 адам оор абалда

Turmush -  Сузак районуна караштуу Беш-Бала айылында кечээ, 9-августта жол кырсык катталып, 4 адам каза болду.

Маалыматка караганда, «Фольксваген Венто» жана «Хендай» үлгүсүндөгү унаалар кагышып, окуя болгон жерде 3 адам каза болуп, үчөө ооруканага жеткирилген.

Жалал-Абад облустук биргелешкен ооруканадан алынган маалыматка караганда, оор абалда ооруканага түшкөн 3 жарандын бири — Жалгыз-Жаңгак айылынын 2000-жылы туулган тургуну А.Раатбек да көз жумган. Калган 2 адамдын абалы оор бойдон калууда.

Кырсык болгон жерде каза болгон Жалгыз-Жаңгак айылынын 3 тургуну кечээ, 9-августта жерге берилди. Ооруканадан көз жумган адам бүгүн акыркы сапарга узатылары айтылууда.

Учурда жол кырсыктын чоо-жайы такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 411
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу