Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Сары-Челек коругуна келе жаткан чет элдик туристтерди жергиликтүүлөр тоногон эмес, - ОИИБ

Turmush -  Аксы районундагы Сары-Челек коругуна келе жаткан чет элдик туристтерди жергиликтүү тургундар тоногон эмес. Бул тууралуу Аксы РИИБдин кызматкерлерине шилтеме берүү менен ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, чет элдик туристтерди Сары-Челек коругуна алып келе жаткан айдоочу менен Аксынын жашоочусунун ортосунда чыр чыккан.

«Ушул жылдын 7-августунда Ош облусунун 43 жаштагы тургуну Сары-Челек коругуна чет элдик туристтерди алып бара жатып, карама-каршы келе жаткан Аксы районунун 44 жаштагы тургуну менен жол талашып, уруша кетишкен. Аксы районунун тургуну туристтерди алып келе жаткан айдоочудан жол бошотууну талап кылып, аны сөгүп жиберген. Мындан улам Ош облусунан туристтерди алып келе жаткан айдоочу Аксы РИИБге арыз менен кайрылып, жергиликтүү тургунга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Арыздын негизинде Аксы районунун 44 жаштагы тургунуна карата КРнын Административдик кодексинин 364-беренеси менен протокол түзүлүп, ага айып пул салынган. Ал эми туристтер бул иш боюнча эч кандай доосу жок экенин айтып, арыз жазуудан баш тартышкан», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин «АКИpress-Репортер» басылмасына Жалал-Абад облусунда испаниялык туристтер келе жаткан кичи автобустун жолун жергиликтүү тургун тосуп алып, айдоочуну жарым сааттай кыйнаганын окурман билдирген.

Окурмандын айтымында, Арсланбаптан Сары-Челекке келе жаткан кичи автобустун жолун көк түстөгү «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу тосуп алган.

«Хонда Фит» унаасынын айдоочусу биздин айдоочуну унаадан чыгарып, алып кетти. Мен аркасынан видеокамера менен бардым. Биздин айдоочу анын унаасынан чыгып, менден акча сурады. Мен унаада бар экенин айттым. Бирок, ал өзү унаага келип, өзүнүн акчасын алып, «Хонда Фиттин» айдоочусуна берди. Акча талап кылгандарга чара көрүүнү өтүнөбүз», - деп билдирген окурман.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1263
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×