Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.43    80.97    1.19    KZT 0.2
Жалал-Абад

Кара-Көлдөгү футболдук аянтча 3 млн сомго оңдолот

Turmush -  Кара-Көл шаарынын Пойма бөлүгүндө футболдук аянтча оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Бул тууралуу шаар мэри Ильяз Еркеев билдирди.

Анын айтымында, футболдук аянтча заманбап стилде жасалат.

«Узундугу 100 метр, туурасы 50 метрди түзгөн бул футболдук аянтча республика боюнча курулуп жаткан заманбап футболдук аянчалардай болуп оңдолот. Жасалма чөптүн ордуна табигый жол менен көк шибер өстүрөбүз. Учурда керектүү материалдар алынып, курулуш иштери башталды. Оңдоо иштерине жалпы 3 млн сомдой каражат сарпталат», - деди И.Еркеев.

Ал белгилегендей, оңдоо иштери 17-августта өтө турган кыргыз-орус элинин достугуна арналуучу салтанатка карата жүргүзүлүүдө. Ага Кара-Көл шаарында өсүп, учурда Россияда жашаган мекендештер чакырылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 769
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×