Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Кара-Көлдө 2 кг ашык героин алып жүргөн адамдар кармалды

Turmush -  Кара-Көл шаарында 2 кг ашык героин алып жүргөн адамдар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, шаардан Токтогул районунун 38 жаштагы тургуну Ж.О. менен 34 жаштагы Н.Ж. айдап жүргөн «Toyota Windom» үлгүсүндөгү унаа текшерүүгө алынып, ичинен ак түстөгү белгисиз зат табылган. Экспертизанын жыйынтыгында табылган зат 2 кг 90 гр героин экендиги такталды.

Учурда аталган факты боюнча тиешелүү берене менен кылмыш иш козголуп, кармалгандар камакка алынды. Иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1592
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×