Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.57    80.64    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

Базар-Коргондогу жол кырсыктан 23 жаштагы айдоочу каза болуп, 2 кыз жабыр тартты

Turmush -  Базар-Коргон районунда жол кырсыктан 23 жаштагы айдоочу каза болду.

Жергиликтүү тургундардын айтымында,окуя ушул жылдын 3-августунда саат 9:30 чамасында катталган. Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагына караштуу Жаңы-Акман айылынын тургундары «Тойота Ист» (мамлекеттик номуру B 8179 AY) үлгүсүндөгү унаа менен айылдан районду көздөй бара жатып, айдоочу рулду башкара албай калган.

Жол кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу — 1994-жылы туулган Шарабидин уулу Нурмухамед окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми, жүргүнчүлөр — 1993-жылы туулган Арапай кызы Сейил жана Сагындык кызы Айсулуу жараат алышкан. Учурда алардын абалы жакшы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 584
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×