При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-август
68.71    80.58    1.15    KZT 0.21

Замира Адышова Базар-Коргон районунун акиминин орун басары болуп дайындалды (өмүр баяны)

Turmush -  Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын социалдык маселелер боюнча орун басары болуп Адышова Замира Адышовна дайындалды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков  кол койгон.

Өмүр таржымалы:

З.Адышова 1958-жылы Могол айыл округунун Ооган-Талаа айылында туулган.

Эмгек жолун 1980-1981-жылдары Ленин райондук комсомол комитетинде инструктор болуп иштөөдөн баштаган.

- 1981-1983-жылдары Ленин райондук комсомол комитетинде каржы жана каттоо бөлүмүнүн башчысы болгон;

- 1983-1991-жылдары Ленин районунун Жаңы-Турмуш айылындагы №4 орто мектебинде орус тили жана адабияты сабгынан мугалим болуп иштеген;

- 1991-2006-жылдары Капарбек Исмаилов атындагы №12 орто мектебинде мугалимдик ишин уланткан;

- 2006-жылдан тарта Базар-Коргон районунун Абдраимов айылындагы Маматжан Алыкулов атындагы №11 мектебинин директору болуп иштеп келген.

З.Адышова билим берүү тармагында 35 жыл эмгектенди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 362
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
13:01,   17.08.2017   ( 2 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу