Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.43    80.97    1.19    KZT 0.2
Жалал-Абад

Жалал-Абаддын базарларында өрт коопсуздугунун алдын алуу боюнча рейд жүргүзүлүүдө (фото)

Turmush -  Бүгүн, 9-августта Жалал-Абад шаарында жайгашкан базарларда өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча атайын рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Аталган рейдге Жалал-Абад шаардык мэриясы, Экотехинспекциясы жана Жалал-Абад шаардык өрткө каршы мамлекетик кызматтын кызматкерлери катышты. Алар базардагы жеке менчик дүкөндөрдүн алдында товарларларын жайып алып, жолдун боюна чейин чыгып кеткен соодагерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Шаардык өрткө каршы кызматынын башчысынын орун басары Чынарбек Шекеновдун айтымында, мындай рейд ушул жумада шаардагы бардык соода түйүндөрдө жүргүзүлөт.

«Жакында эле Өзгөн районунда базар өрттөнүп, бир топ адамдарга кыйынчылык жаралды. Ошол окуядан соң биз шаардык мэрияга кат жолдогонбуз. Андан көп узабай буйрук чыгып, ошол буйруктун негизинде соода түйүндөрүн текшерип жатабыз. Бир жуманын ичинде толугу менен текшерип чыгабыз», - деди Ч.Шекенов.

Ал эми, 20 жылдан ашуун убакыттан бери борбордук базардын ичиндеги дүкөндөрдүн биринде соода кылган Керез Жапакбаеванын пикиринде, базардын тазалыгына, коопсуздугуна кызыккандар жок.

«Учурда базардын тазалыгына, коопсуздугуна эч ким кызыкпайт. Мен 20 жылдан ашуун убакыттан бери ушул базарда иштейм. Отурган жерибизди таза кармап, товарды көчөгө чейин чыгарбайлы деп дайыма айтып келем», - деди ал.

Шаардагы соода жүргөн базарлардын жалпы аянты 2 гектарды түзөт. Мында 125 жеке менчик дүкөндөр бар. Борбордук базарга 1 күндө 5 минден ашык адам келип кетет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 474
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×