Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Жалал-Абад

Сузактык ишкер айым тендерден 180 миң сом утуп алып, бала бакчага азык-түлүк жеткирген эмес

Turmush -  Сузак районундагы «Алтын балык» бала бакчасына азык-түлүк жеткирүү үчүн тендерден утуп алган ишкер 6 айдан бери бакчага азык-түлүк жеткирбей келет. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн укук тартип, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башкы адиси Сапаралы Багышов кечээ, 8-августта өткөн координациялык кеңешмеде билдирди.

Анын айтымында, аталган бала бакчага азык-түлүк алуу үчүн бакчанын жетекчисинин буйругу менен 2016-жылдын декабрь айында тендер жарыяланган.

«Тендерден Э.Беделова аттуу жеке ишкер утуп алып, анын эсебине 180 миң сом которулган. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин бакчага эч кандай азык-түлүктөр келген эмес. Бул боюнча кылмыш иш козголуп, иш сотко өттү», - деп билдирди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1121
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×