При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-август
68.71    80.58    1.15    KZT 0.21

Өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлү жол эрежесин бузган айдоочулардан акча алган патрулчуларды сынга алды (фото)

Turmush -  Мал базарлардын алдына топтолбой, жол коопсуздугуна көңүл бөлүү керек. Мындай пикирин өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев  кечээ, 8-августта координациялык кеңешмеде жол кырсыктарын алдын алуу маселеси талкууланып жатканда билдирди.

Малым болгондой, жыл башынан бери облуста 353 жол кырсыгы катталган. Кырсыктардын кесепетинен 66 адам каза болгон, анын ичинен 8ин өспүрүмдөр түзөт.

Жалал-Абад ОИИБдин жетекчисинин орун басары М.Хажиматов 6 ай аралыгында катталган кылмыштуулук, жол кырсыктары, жашы жете элек өспүрүмдөр тарабынан жасалган кылмыштар боюнча маалымат берди.

Анын баяндамасына караганда, учурда 1150 бала милициянын каттоосунда турса, анын ичинен 182си эч жерде окубаган балдар болуп эсептелинет. Ал эми 69 өспүрүм жоголуп, кайра табылган. М.Хажиматов Ош— Бишкек жолунда орун алып жаткан кырсыктар боюнча да маалымат берди. Баяндамачыга ыйгарымдуу өкүл жол кырсыктарын алдын алуу багытында жүргүзүлүп жаткан иш мерчемдерге кызыкты жана жергиликтүү бийлик менен Патрулдук милициянын кызматкерлери бирдикте иш алып баруу зарыл экенин белгиледи.

«Ош— Бишкек жолунда айдоочулар өтө катуу ылдамдыкта айдашат. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирге элди жолго чыгууда сак болууга үндөө керек. Оң рулдуу унаа айдоого тыюу салууга мыйзам жол бербейт, эгер жүргүнчүлөр оң рулдуу унаалар менен каттабаса, алар бара-бара жүрбөй калышмак. Кырсыкка кабылып жаткан унаалардын дээрлигин оң рулдуу унаалар түзүп жатат. Жол белгилери жетишпей жаткан участкалар боюнча маалымат берилсе, жергиликтүү бийлик жасоого аракет кылат», - деди өкмөттүн өкүлү.

Ошондой эле, ал милиция кызматкерлери жол кыймылынын эрежесин бузган айдоочулардан акча алганы да таасир берип жатканын белгиледи.

«Таксисттердин силерге берчү ставкасы 200 сом экен. Өтө катуу ылдамдыкта келе жатканда кармалган айдоочу 200 сом берип коюп кете берет. Мындай учурда мыйзамдуу түрдө 2000 сом айып төлөмүн банктан төлөтсөңөр, айдоочуларга сабак болот эле. Мал базардын алдына топтолуп албай, жол коопсуздугуна көңүл бургула», - деди облус жетекчиси.

Кеңешмеде Ош— Бишкек жолун көзмөлдөөгө милиция кызматкерлери жетишсиз экени, бул маселени чечүү аракети көрүлүп жатканы айтылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 347
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу