Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Жалал-Абад

Жалал-Абадда жол кырсыктан жабыркаган 3 адамдын абалы оор

Turmush -  Жалал-Абадда жол кырсыктан жабыркаган 3 адамдын абалы оор. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 9-августта Жалал-Абад шаарына жакын жерде жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 3 адам каза болуп, 3 адам жабыркаган. Жабыркагандар облустук оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө саат 01:50 чамасында жеткрилген. Алардын абалы оор деп бааланууда. Каза болгондордун өздүгү аныкталууда.

ӨКМдин билдирүүсү боюнча, окуя «Фольксваген Венто» (мамлекеттик номуру 0747 L) унаасы менен «Хендай» (мамлекеттик номуру № В 9198 АZ) үлгүсүндөгү жеңил унаалардын катышуусунда болгон. Учурда кырсыктын чоо-жайы такталып жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1601
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×