При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-август
68.74    80.81    1.15    KZT 0.21

Жалал-Абаддын вице-мэри У.Маматов соттон утуп, кайрадан кызматына келди

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын мэринин коммуналдык маселелер боюнча орун басары Урмат Маматов кызматтан алынышы боюнча сотко кайрылып, облустук соттун чечими менен кайрадан өз кызматына келди. Бул маалыматты өзү да тастыктады.

Анын айтымында, быйылкы жылдын 29-июнунда облустук соттун жарандык иштер боюнча коллегиясынын чечими менен ал кайрадан өз кызматына келди. Ошондой эле, аргасыз бош жүргөн күндөрүнө 76 миң сом эмгек акы төлөп берүү боюнча да чечим чыккан. Мэрдин буйругу менен У.Маматов 4-август күнү кайрадан жумушуна чыкты.

У.Маматов быйылкы жылдын 27-мартында мэрдин буйругу менен жумуштан бошогон. Бирок, ал кызматынан четтетүү боюнча буйрукка макул болбой, Жалал-Абад шаардык сотуна кайрылып, шаардык сот кайрадан кызмат ордуна орноштуруу чечимин чыгарган. Облустук сот шаардык соттун чечимин күчүндө калтырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 307
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу