Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.57    80.64    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Арстанбапка келген туристтерге жергиликтүүлөр ретро унаалар менен кызмат кылышат (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айыл аймагындагы пансионатка жана шаркыратмага келген эс алуучулардын саны көбөйүүдө.

Жергиликтүү тургун Азиз Маткаримовдун айтымында, өткөн жылга салыштырмалуу быйыл туристтер көп келүүдө. Жергиликтүүлөр өздөрүнүн өзгөчө жасалган, жайкы сезонго ылайыкташкан унаалары менен конокторду бул аймактагы пансионатка жана шаркыратмага ташышат.

«Мен тоого чыгууга ылайыкташкан «УАЗ» үлгүсүндөгү унаам менен Арстанбаптын кичи шаркыратмасына эс алуучуларды ташыйм. Орто эсеп менен бир күндө 600-700 сом табам. Азыр туристтерге кызмат кылган унаалардын саны көбөйдү. Арасында ретро унаалар да бар. Менин унаам 8 кишиге ылайыкташкан. Бул жерге келген эс алуучулар үстү ачык унаага отуруп, айланага көз жүгүртүп, суктанууну жактырышат», - деди Азиз Маткаримов.

Ал белгилегендей, айдоочулар шаркыратмага гана эмес эс алуучу каалаган бардык жерге жеткиришет.

«Арстанбаптын аймагында бир жерден экинчи орунга жеткирүү акысы киши башына 20 сомду түзөт. Айдоочулар кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу үчүн унааларын жасалгалап алышкан», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 806
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×