Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Аксынын Кара-Жыгач айылынын эли депутаттардан сугат суу маселесин чечип берүүнү талап кылууда

Turmush -  Аксы районунун Кара-Жыгач айылындагы 100дөй үй-бүлөгө сугат суу жетпей жатат, деп билдиришти жергиликтүү тургундар.

Алар айылдык кеңештин депутаттарына сугат суу маселесин чечип берүү талабын коюшууда. Бирок, депутаттар тарап кеткенин айтышып, бул маселени айыл өкмөт чечерин билдиришкен.

Ал эми, Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Батыркул Шабданов сугат суу бөлүштүргөн мурабдар иштебей жаткандыктан көйгөй жаралганын билдирди.

«Кара-Жыгач айылына келүүчү суунун башын Авлетим суусу жууп кетип, кийин ал оңдолгон. Суу берилип баштаганда тургундар мурабдарга акча бербей, алар иштөөдөн баш тартышкан. Учурда суу айылдын ылдый жагындагы үйлөргө жетпей жатат. Мурабдар жок болгондуктан ар ким каалаган жеринен сууну буруп алып пайдаланууда», - деди ал.

Кара-Жыгач айылдык кеңешинин депутаттары 2 ирет айыл өкмөт башчысын шайлай албай тарап кетишкен. Айыл өкмөт башчынын милдетин мурдагы башчы Б.Шабданов аткарууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 737
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×