Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Жалал-Абадда акыркы жети айда 22 гектар жерде өскөн жапайы кара куурайлар жок кылынды

Turmush -  Жалал-Абад облусунун аймагында 22 гектар жерде өскөн жапайы кара куурайлар жок кылынды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ИИМдин Жалал-Абад облусу боюнча баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жана шаардык, райондук ички иштер бөлүмдөрү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирге облустун аймагында жапайы кара куурай өсүмдүктөрүн аныктоо жана жок кылуу максатында иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

«Иш-чаранын жыйынтыгы менен Жалал-Абад облусунун аймагында 22 гектар жер аянтында жапайы өскөн кара куурай жок кылынды. Ошондой эле, баңгизаттар менен байланышкан үч кылмыш иши аныкталды. Ал эми 7 айдын жыйынтыгы менен облус аймагында баңгизаттар менен байланышкан 91 факты аныкталган. Жалпысынан алганда 967 килограммдан ашык салмактагы баңгизат алынган», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 753
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
19:13,   14.12.2017   ( 4 адам окуп жатат)
×