Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Арстанбаптыктар туристтерге аттарын ижарага берип киреше табышат (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районунун Арстанбап айылындагы мырзалардын айрымдары аттарын туристтерге ижарага берип киреше табышат. Аймактык кабарчы алардан кабар алды.

Жергиликтүү тургун Марат Токоевдин айтымында, быйыл жылдагыга салыштырмалуу туристтердин саны аз.

«Бизде жумуш жок. Жай мезгилинде чет өлкөдөн келген туристтерге аттарыбыз менен кызмат көрсөтүп каражат табабыз. Менин 1 атым бар. 2 жылдан бери атымды ижарага берем. Аттарды саатына 300 сомдон беребиз. Күнүнө 500-600 cом киреше табабыз. Быйыл туристтер аздыгынан иш жакшы эмес», - деди ал.

Жергиликтүү тургун Бифран Шарафдинов сырттан келген коноктордун ат менен сейилдөөдөгү коопсуздугуна ат ээлери жооп бере турганын кошумчалады.

«Биз алгач кардарларыбыздын буга чейин ат минип көргөнүн сурайбыз. Эгерде ат мингенди билбесе аларды өзүбүз жаратылыш менен тааныштырабыз. Ал эми, ат мингендер өздөрү каалаган тарапка кетишет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1074
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×