Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Ош—Бишкек жолунда «Хонда Стэпвагон» менен жүк ташуучу унаа кагышып, 3 адам каза болду (фото, тизме)

Turmush -  Бүгүн, 8-августка караган түнү Ош—Бишкек унаа жолунун 487-чакырымында жол кырсык катталып, 3 адам каза болду.

ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынан алынган маалыматка караганда, жол кырсык Ноокен районунун Достук айылында болгон. «Хонда Стэпвагон» үлгүсүндөгү унаа менен «МАН» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кагышып, 7 орундуу унаадан 3 адам каза тапкан.

Жеңил унаадагы жүргүнчүлөр Лейлек районунун тургундары болгон. Каза болгон 3 адамдын сөөгү Кочкор-Ата шаардык ооруканасындагы өлүк сактоочу жайга, ал эми жабыркагандар ооруканага жеткирилди.

Саламаттыкты сактоо министрлиги кырсыктан жабыркап, ооруканага жеткирилген жабырлануучулардын тизмесин берди.

Жабырлануучулар:

1. 1965-жылы туулган Б.Г. (аял киши);

2. 1930-жылы туулган А.Г. (аял киши), баш мээсинен, ич тарабынан жаракат алып, травматикалык шок абалда болгон;

3. 1947-жылы туулган М.М. (эркек киши), башынан, баш мээсинен жаракат алып, травматикалык шок абалда болгон.

Turmush басылмасынын кабарчысы каза болгон жарандардын тизмесин тактады. Көз жумгандар Баткен облусундагы Лейлек районундагы Лейлек айылынын тургундары болгон.

- 1978-жылы туулган С.А. (эркек киши);

- 1974-жылы туулган М.А. (аял киши);

- 2014-жылы туулган А.У. (эркек бала).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3157
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×