Бөлүмдөр
Жума, 19-январь
69.44    84.74    1.22    KZT 0.21
Жалал-Абад

Арстанбапта алыш күрөш боюнча эл аралык турнир өтөт

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айылында 12-13-август күндөрү алыш күрөшү боюнча эл аралык турнир өтөт. Бул тууралуу аталган айыл аймактын башчысы Улукбек Таштанбеков билдирди.

Анын айтымында, турнир быйылкы Ыйман, адеп жана маданият жылына карата өткөрүлүп, ага 4 мамлекеттен келген спортчулар катышуусу күтүлүүдө.

«Мелдеш өткөрүлө турган жайлар жана спортчулар үчүн конок үйлөр даярдалды. Турнирге Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан, Россиядан келген спортчулар катышат», - деди У.Таштанбеков.

Арстанбап айыл аймагында алыш күрөш боюнча турнир 5 жылдан бери өткөрүлүп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 973
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×