Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.57    80.64    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

Фото - Базар-Коргондо Ө.Текебаевдин тарапташтары ачкачылык жарыялашты

Turmush -  Базар-Коргон районуна караштуу Кеңеш айыл аймагынын Совет айылында Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары ачкачылык акциясына чыгышты.

Депутаттын карындашы Нурила Текебаеванын айтымында, акция 2-августтан бери уланууда. Алардын арасында баатыр энелер дагы бар. Баатыр энелер талаптар аткарылмайынча ачкачылыкты токтотпой турганын айтууда.

Акцияга чыккан энелерди Базар-Коргон райондук аймактык ооруканасынын дарыгерлери көзөмөлдөп жатышат.

УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, депутатка КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 303-берененин 1-бөлүмү (коррупция) менен айып тагылган.

2017-жылы 25-февралда Башкы прокуратура Өмүрбек Текебаевге жана башка кызмат адамдарына карата россиялык бизнесмен Леонид Маевскийдин арызынын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 303-берененин 1-бөлүмү (коррупция) жана 166-берененин 4-бөлүмүнүн 2-3-пункттары (алдамчылык) менен кылмыш иш козгогон. Учурда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда сот процесси улантылып жатат.

Ө.Текебаев 26-февралга караган түнү Стамбулдан учуп келгенде «Манас» аэропортунан кармалып, камакка алынган болчу.

Тема боюнча:

29.03.2017Жогорку сот Ө.Текебаевди 2 айга камакка алуу чечимин күчүндө калтырды
29.03.2017Фото - Эки айга камакка алынган Ө.Текебаевдин кичи мекенинде абал кандай? (толукталды)
07.04.2017Бишкек—Ош жолунда Ө.Текебаевдин тарапташтары жөө жүрүшкө чыгышты (фото)
15.04.2017Фото - Ө.Текебаевдин кичи мекенинде абал кандай?
20.04.2017Базар-Коргондогу митинг: Ө.Текебаевдин тарапташтары жөө жүрүшкө чыгышты (толукталды, фото)
20.04.2017Ак үйдүн алдына камактагы Ө.Текебаевдин тарапташтары чогулду (фото)
21.04.2017Биринчи май райондук соттун имаратына Ө.Текебаевдин тарапташтары чогулду (фото)
21.04.2017Депутат Ө.Текебаевге коррупция боюнча акыркы тергөөлөр менен айып тагылды, - УКМК
04.05.2017Бишкекте Ө.Текебаевдин тарапташтары митингге чыгышты (фото)
04.05.2017Ө.Текебаевдин жердештери Ош—Бишкек жолунда жөө жүрүшкө чыгышты (фото)
19.06.2017Ө.Текебаев президенттикке талапкерлигин көрсөтөт
27.06.2017Ө.Текебаевдин иши: Күбө А.Модин 300 миң доллар бергенин айтты
07.07.2017Фото, видео - Милиция Ө.Текебаевдин тарапташтарына Бишкек—Ош унаа жолун тосууга жол берген жок
09.07.2017Фото - Ө.Текебаевдин Ош—Бишкек жолун тосууга аракет кылган тарапташтарына сот айып салды
19.07.2017Видео - Ө.Текебаевдин ишин караган сот залында чыр чыкты
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1275
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×