При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-август
68.71    80.58    1.15    KZT 0.21

Тогуз-Торонун Дөдөмөл айылындагы таза суу көйгөйүн чечүүгө 15 млн сом каралды (фото)

Turmush -  Тогуз-Торо районуна караштуу Дөдөмөл айылына октябрь айынан тарта таза суу берилет. Бул тууралуу облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Зайырбек Кыралиев билдирди.

Анын айтымында, учурда 3,5 чакырым жерге суу түтүктөрү курулууда.

«Айылдыктардын таза сууга болгон муктаждыгын чечүү үчүн республикалык бюджеттен 15 миллион сом каражат каралган. Анын 10 миллион сому которулду. Азыркы тапта 3 метр тереңдикте суу түтүктөрү орнотулуп жатат», - деди ал.

Буга чейин айыл эли бийлик өкүлдөрүнө булактан эл жана мал дагы суу ичип жатканын айтып, таза суу маселесин чечип берүүнү суранып келишкен. Мындан сырткары, мектеп маселесин да көтүрүшкөн. Бүгүнкү күндө айылда мектептин курулушу да жанданып, таза суу көйгөйү чечилүү алдында турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 308
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу