Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Фото - Жалал-Абаддагы «Макмал алтын» комбинаты жыл башынан бери 105 кг алтын өндүрдү

Turmush -  Жыл башынан бери «Макмал алтын» комбинаты 105 кг алтын өндүрдү, бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 25 килограммга көп. Бул тууралуу маалымат өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевдин Тогуз-Торо районуна жасаган иш сапарынын алкагында комбинат кызматкерлери менен жолуккан учурда маалым болду.

Маалыматка караганда, мындагы комбинатта учурда 1065 жаран иштесе, кызматкерлердин 95%ын райондун тургундары түзөт. Комбинаттын директору Каныбек Дыйканов алтынды казып алууда бир топ түйшүк болуп жатканын белгиледи.

«Учурда руданы 250 метр тереңдиктен казып, 2,5 чакырым аралыктан ташып жатабыз. Кыйынчылыктар бар. Техникалар жетиштүү, бирок алардын эскиргени да бир аз түйшүк жаратып жатат. Ошентсе да былтыркы жылга караганда быйыл көбүрөөк алтын өндүргөнгө жетиштик, жыл аягына чейин 180 кг жетебиз деп турабыз. Кылдоо участкасына 2011-жылы лицензия алганбыз, ушул участканы иштетип калсак, комбинаттын өмүрү 10 жылга узарат эле. Саймалуу таштар жаткан аянттан 7 чакырым алыстыкта жайгашкан, таштарга эч кандай зыяны тийбейт», - деп билдирди ал.

Ыйгарымдуу өкүл комбинат кызматкерлери менен да баарлашып, алардын ой-пикирлерин укту. Ошондой эле, алдыңкы кызматкерлерге Ардак грамоталарды тапшырды.

Облус башчысы жумушчу сапарынын алкагында Тогуз-Торо, Атай, Арал айыл аймактарында болуп, бир катар социалдык объектилерди көрүп чыкты. Атай айыл аймагынын Бирдик айылында жеңил типтеги 50 орундуу бала бакча курулуп жатат. АРИСтин колдоосу менен курулуп жаткан бакчанын сентябрь айында пайдаланууга берилүүсү күтүлүүдө. Бул бакчаны бүткөрүү үчүн 13 миллион сом каражат каралган.

Атай айыл аймагындагы Барктабас атындагы орто мектептин курулушу кызуу жүрүп жаткан учур. Дубалы экинчи кабатка көтөрүлүп калган, кыш мезгилине чейин үстүн жабуу аракети жүрүп жатат. Бул мектептин жалпы сметалык баасы 34 миллион сомду түзөт, бүгүнкү күнгө чейин 20 миллион сом каржыланган. Мектеп курулушун жүргүзүп жаткан «Акниет курулуш» ЖЧКсы тарабынан быйыл 5 миллион сом бөлүнсө, от казандардан да бүтөрүн билдиришти. Ал эми Арал айыл аймагындагы Бирдик атындагы орто мектептин жаңы окуу жылына карата даярдыгы текшерилип, оңдоп-түзөө иштерин башка мектептерге мисал катары көрсөтүү керектиги айтылды.

Учурда райондо он төрт мектеп болсо, 5 мектепте курулушу иштери жүрүп жатат. Курулушу жанданган мектептердин ичинен Дөдөмөл айылындагы мектепти октябрь айында пайдаланууга берүү пландалууда. Бийлик өкүлдөрүнө райондон өткөн Нарын суусунун сол жээгин суу жеп, АБЗ участкасына жана Ынтымак конушундагы жашоочуларга кооптуулук жаралганын район бийлигинин өкүлдөрү айтышты.

Маалым болгондой, Нарын суусу быйыл секундасына 600 метр куб келгендиктен, районго коркунуч жаралган. Көп жылдан бери эле андай көлөмдө суу келген эмес.

«Быйыл суу көп келип, өзгөчө кооптуулук жаралды. Дагы быйылкы жылдагыдай суу келсе калкка, жаңы конуштарга коркунуч келет», - деп билдиришти.

ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынан барган адистер кооптуу участкага мониторинг жүргүзүлгөнүн бул участка боюнча иш жүрүп жатканын, сууну дарыянын оң жээгине буруу жолу бар экенин айтышты. Анткени, Нарын суусунун оң жээгинде калк жашабайт, кооптуулук жаралбайт.

Айыл аймакты кыдырууда, калк менен жолугушууда эл социалдык көйгөйлөрдү ортого салышты. Ак-Талаа каналы 500 гектар сугат жерди суу менен камсыз кылаарын, бирок акыркы учурларда толук кандуу сугарылбай жатканын белгилешти. Атай аймагындагы ФАПтын имараты авариялык абалда экени айтылып, бул имарат боюнча иш алып баруу облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси Маматжан Мияновго жүктөлдү.

Мындан тышкары, таза суу маселеси да көтөрүлдү. Өкүлдүн иш сапары учурунда Түндүк-Түштүк жолунун абалы, туннелдин Тогуз–Торо тараптан казылган тарабы менен таанышып чыгышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1509
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×