Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Сузакта жер көчкү кооптуулугу бар жерден Көк-Булакка көчкөндөргө электр жарыгы берилди (фото)

Turmush -  Сузак районуна караштуу Ачы аймагында жер көчкү кооптуулугу бар жерден Көк-Булак участкасына көчүп келгендерге трансформатор орнотулуп, электр жарыгы берилди.

«Жалалабатэлектр» ААКтын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Алмалуу-Булак айылындагы жашоочулар жаратылыш кырсыктан улам Талаа-Булак айылындагы Көк-Булак участкасына көчүрүлүп, учурда турак жайлар курулуп жатат.

«Электр мамычалар орнотулуп, чубалгыларды тартып, электр энергия берилди. Жалпысынан 1 чакырым чубалгы тартылып, 31 даана электр мамыча орнотулду», - деп айтылат маалыматта.

Бул аймактан 350 кожолукка жер бөлүнгөн. 35 түтүн көчүп келип, 72 түтүндүн көчүп келүүсү күтүлүүдө.

Буга чейин маалымдалгандай, жер көчкүдөн жабыркаган Алмалуу-Булак айылынын 30дан ашуун тургундары 27-июнда райондук администрациянын имаратынын алдында чогулушкан. Алар айылга кайрадан электр энергиясын берүү маселесин көтөрүп, район акими А.Маматов менен жолугушкан.

Өз кезегинде аким А.Маматов жаңы берилген жерлерде жол, таза суу, электр энергия сыяктуу маселелерин чечүү аракети көрүлүп жатканын белгилеген.

Тема боюнча:

25.03.2016Сузактын Алмалуу-Булак айылында 55 кожолукту суу каптоо коркунучу жоюлду, - ӨКМ
27.04.2016Сузактын Алмалуу-Булак айылында кайрадан жер көчкү жүрүп, 1 окуучуну басып калды, - тургундар
28.04.2016Дарыгерлер жер көчкү жүргөн Алмалуу-Булак айылындагы элге жардам көрсөтүүдө
29.04.2016Сузакта кайрадан жер көчүп, Алмалуу-Булактагы окуучулар менен тургундар эвакуацияланды
30.04.2016Алмалуу-Булак айылында кайрадан жер көчкү жүрдү
06.05.2016Сузактагы Алмалуу-Булак айылынын эли өспүрүмдүн өмүрүн алган жер көчкүдөн кийин чатырларда жашап жатат (фото)
23.08.2016Жер көчкүдөн жабыркаган Сузактагы Алмалуу-Булак айылынын эли бир нече маселени чечип берүүнү талап кылууда (фото)
17.01.2017Былтыр 7 жолу көчкү жүргөн Алмалуу-Булакта кайра көчкү жүрүп, эл жабыр тартса аким жооп берет, - өкүлдүн орун басары М.Акматов
27.01.2017Жер көчкү жүргөн Алмалуу-Булак айылынын элин өкмөттүн өкүлү башка жерге көчүүгө үндөдү (фото)
15.02.2017Жер көчкү жүрүү коркунучу бар Алмалуу-Булак айылынын элин көчүрүү үчүн электр энергия өчүрүлүп, мектеп жабылды (фото)
27.06.2017Жер көчкүдөн жабыркаган Алмалуу-Булак айылынын эли электр жарыгынын жоктугуна нааразы болуп, акимиаттын алдына чогулушту (фото)
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 907
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×