Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Ала-Буканын Ак-Шаар айылындагы жаңы мектептин курулушу токтоп турганына тургундар нааразы

Turmush -  Ала-Бука районунун Ак-Шаар айылындагы мектептин курулушу 2 жылдан бери токтоп турганына жергиликтүү тургундар нааразы.

1-Май айылдык кеңешинин депутаты Адылбек Кожонов билдиргендей, курулушу 2015-жылы башталган мектептин курулушуна акча бөлүнбөй жатат.

«Мектептин 20%ы гана курулган. Акыркы 2 жылдан бери курулуш иштерине акча бөлүнбөй турат. Мурдагы мектептин эскилиги жеткен. Жаңы мектептин курулушуна каражат которулбагандыктан куруучулар ишти токтотуп коюшту», - деди А.Кожонов.

Буга чейин Ак-Шаар айылындагы 150 орундуу мектеп 37,6 млн сомго курулары айтылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 772
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×