Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Ала-Букада жүрүп бара жаткан унаа өрттөндү

Turmush -  Акыркы суткадагы бир катар өрт кырсыктарына электр жабдууларын колдонууда техникалык эрежелерди сактабагандык себеп болду.

ӨКМ билдиргендей, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ала-Бука айылында жүрүп бара жаткан «Фольксваген Венто» үлгүсүндөгү унаанын салону жана арткы 2 дөңгөлөгү күйгөн. Адамдар жабыркаган жок. Алдын ала маалымат боюнча, айдоочу электр жабдууларын туура пайдаланган эмес.

Ушундай эле себеп менен Талас облусундагы Манас районунун Покровка айылындагы Ажибек датка көчөсүндө жайгашкан «Шалман» ашканасында өрт чыкты. Ашканада газ баллондун редукторунан от чыкканы белгилүү болгон. Өрттөн көп чыгым келтирилген жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 893
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×