Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.57    80.64    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

«Жеңеке»: Салондор кыска бойлуу, толук жана өтө арык кыздарды мага жөнөтүшөт, - үлпөт көйнөктөрдү тиккен Айнура жеңе (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында жашаган Айнура Алибаеванын колунан турмуш жолуна узап жаткан кыздардын кубанычына ортоктош болгон той көйнөктөр тигилет. Балдарына мээримдүү эне, жолдошуна сүйкүмдүү жар болгон жеңекебиз юрист кесибинин ээси. Бирок, жолдошу кесиби менен эмгектенүүсүн колдобой, үй жумуштары, бала багуу менен алек болгон.

«Кичине кезимден тигүүчүлүккө кызыккандыктан алгач балдарыма, жакын туугандарымдын, кошуналарымдын балдарына кийимдерди тиге баштадым. Айрым учурда тиккен кийимдерди таанышым сатып берип койчу. Кийин эркектердин спорттук кийимдерин тигүүгө кызыгып, тигип көрдүм. Бош убактым болгондо тааныштардан буйрутма алып, ар кандай кийимдерди тигип жүрдүм.

Бир ирет той көйнөгүн ижарага берүүчү салон иштеткен тааныш эже көйнөктү толмочураак кыз кийип, жыртып салганын айтып кейип калды. Ал көйнөктү ойлонбостон оңдоп берем деп үйгө алып келдим. Тырышып жатып көйнөктү шуру менен кооздоп, оңдоп бүтүп эжеге алып бардым. Аны көргөн эже сүйүнүп, ыраазычылыгын айтты. Анткени ал көйнөктү той өткөрө турган жаштар алып кетишмек экен. Бул эмгегим үчүн 1000 сом берет деп ойлогом, бирок колума 7,5 миң сом карматты. Бул акча бизде чоң сумма болгондуктан кызыгуум артып, ошондон тарта той көйнөктөрүн тигүүгө аракет жасай баштадым», - деди каарманыбыз.

Анын айтымында, алгач 2011-жылдары эжесине той көйнөк тигүүнү пландап жатканын билдирген. Эжеси тигүүчүлүк боюнча технолог болгондуктан анын пикирин колдоп, 200 доллар менен каржылык колдоо көрсөткөн. Ал каражатка Бишкек шаарынан керектүү кездемелерди сатып алып, алгач 7 даана көйнөк тиккен. Алгачкы көйнөктөрүн эле 7 миң сомдон сатып өткөрүп, жумушун өзгөчө кызыгуу менен улантууда.

«Чет элдиктер тиккен көйнөктөрдү мен дагы тигишим керек деген талап коюп, тобокелдик менен 300 миң сом насыя алдык. Жолдошумду көндүрүп, экөөбүз Түркиянын Стамбул шаарынан кездемелерди, шуруларды, керектүү буюмдарды алып келдик. Интернетти карап отуруп заманбап той көйнөктөрдү чыгардым. Алгач 24 көйнөк тигилип, аларды 14 миң сомдон 20 миң сомго чейин саттым. Ошондой эле, орус тилдүү сатуучулар менен таанышып, алардын ишенимине кирдик. Азыр телефон аркылуу иштешип калдык», - деп кошумчалады.

Бирок, кыздардын кыялындагы той көйнөктү тигүү оңойго турбайт. 

«Ак өңдөгү кездемени карап отуруп чарчайм, көзүм талыйт.  Изденүү, чеберчилик өзгөчө талап кылынат. Заман агымына жараша көйнөктөрдү тигүү үчүн тынбай изденип турам», - деди чебер айым.

Чебер айымга салондордон той көйнөк таппай калган кыздар көп кайрылышат.

«Бир ирет өтө арык кыз келип, үйлөнүү тойго 4 күн калганын, бирок өзүнө чак көйнөк таппай жатканын айтты. Той көйнөк издеп жүрүп чарчагандыктан үмүтүн үзүп коюптур. Мен аны ишендирип, 3 күндүн ичинде өзүнө чак келген көйнөк тигип бердим. Ал көйнөктү өзгөчө сүйүнүп алып кеткен. Ошондой эле, салондор кыска бойлуу, толук кыздарды мага жөнөтүшөт», - деди Айнура айым.

Учурда чебер айым шаардагы 5 үлпөт салон менен кызматташат. Ошондой эле, Оштон, Баткенден да буйрутма бергендер бар. Жакында Ысык-Көлдөн да той көйнөктөрүнө кызыгып, сатып алууну көздөгөн айым чыкты. Бирок убактысы аз болгондуктан Айнура жеңе көйнөктөрдү буйрутма менен гана тигип, жетишпей жатса жолдошу кездемени бычуу иштерине жардамдашат. 

«Көпчүлүк чет өлкөдөн алынып келген көйнөктөр сапаттуу деп түшүнөт. Бирок, алар колдонгон кездемелерди биз дагы колдонобуз. Бизде да күчтүү чеберлер көп, бирок баалай албайбыз», - деди Айнура Алибаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1861
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×