При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-август
68.71    80.58    1.15    KZT 0.21

Кара-көлдүк балбандар жаштар арасындагы дүйнө биринчилигинде күч сынап жатышат

Turmush -  Кара-Көл шаарынын тургундары Э.Ашыралиев менен Тайбек уулу Денисламбек эркин күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө биринчилигинде күч сынап жатышат.

Шаардык балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин эркин күрөш боюнча машыктыруучусу Назарбеков Абдылас аймактык кабарчыга билдиргендей, бул иш-чара Финляндиянын борбору Хельсинки шаарында 1-августта башталган. Дүйнө биринчилиги 6-августка чейин улантылат. Кара-көлдүк 2 балбанды бул чемпионатка жөнөтүү үчүн каржы маселесин эркин күрөш боюнча олимпиадалык борбордун тарбиялануучулары каржылашкан.

Ошондой эле, аталган балбандар буга чейин Кытайда өткөн Азия чемпионатына катышып келишкен.

1

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 576
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу