Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.43    80.97    1.19    KZT 0.2
Жалал-Абад

Аксыдагы энелерге бала эмизүүнүн туура жолдору үйрөтүлүп жатат (фото)

Turmush -  Аксы районунун аймагында бала эмизүүнүн нормаларын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Аймактык оорукананын директорунун орун басары Нурмамат Наралиевдин айтымында, баласын эрте эмчектен чыгарган энелерге анын зыяны көп экенин айтууга аракет кылышат.

«Учурда балдарын эрте эмчектен чыгарган энелер көп. Ал балага өтө зыян. Баланы 2-2,5 жашка чейин эмизүү керек. Эненин сүтүн көп эмген бала акылы тунук, дене түзүлүшү жакшы болот. Учурда райондун ар бир айыл өкмөттөрүндө энелерге бала эмизүүнүн туура жолдору үйрөтүлүп жатат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 556
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×