Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.43    80.97    1.19    KZT 0.2
Жалал-Абад

Орто-Токой суу сактагычына эркек киши агып кетти

Turmush -  Жалал-Абаддагы Ала-Бука районунда Орто-Токой суу сактагычынан эркек кишинин денеси табылды.

ӨКМ билдиргендей, кечээ, 3-августта саат 20:00 чамасында Өрүктү айыл аймагында суу сактагычка эркек киши агып кеткени тууралуу билдирүү түшкөн. Анын өздүгү такталып, 1979-жылы туулган Э.Ш. экени белгилүү болгон.

Издөө иштерин ӨКМдин райондук бөлүмүнүн башчысы жетектеген куткаруучулар, РИИБден 20 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 30 адам жүргүзүп, денени таап чыгышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 732
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×