Бөлүмдөр
Жума, 20-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

Ноокен районунда кымыз майрамы белгиленди (фото)

Turmush -  Ноокен районуна караштуу Шайдан айыл аймагындагы «Мүрөк» эс алуу жайында «Ойно аккордеон» телесынагы болуп өттү. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдиргендей, аталган телесынакка Ноокен районунун 8 айыл өкмөтүнөн, Кочкор-Ата шаардык мэриясынан ырчылар, аккордеон ойногон таланттар катышты.

Маалым болгондой, телесынактын жүрүшүндө ар бир айыл өкмөт жана шаардан келген 18 жаштан 40 жашка чейинки айымдар этномода тартуулашты.

Бул маданий иш-чарада боз үй тигилип, анын ичине кыргыздын улуттук буюмдары жана Ноокен районунун сүрөтчүсү Р.Сүйөркуловдун эмгектеринин көргөзмөсү уюштурулду. Ошондой эле, кыргыздын 29 түрдүү улуттук тамак-ашы көргөзмөгө коюлуп, Жалал-Абад облусунун жетекчисинин иш-чараларынын планынын негизинде кымыз майрамы да белгиленди.

Аталган иш-чаранын алкагында эки этап менен кароо-сынак өткөрүлдү. Биринчи этапта «Мыкты кымыз» кароо-сынагы болуп, ага 8 айыл өкмөт, Кочкор-Ата шаардык мэриясы, Тоскоол-Ата жана Кочкор-Ата токой чарбалары катышып, жеңүүчүлөр райондук мамлекеттик администрация башчысынын резервдик фондунан бөлүнгөн акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Ал эми, экинчи этапта «Мыкты кымыз ичүүчү» кароо-сынагына айыл өкмөт, шаар жана мекеме-ишканалардын кызматкерлери катышты. Анда, 14 чыны кымыз ичкен Сакалды айыл өкмөтүнүн тургуну 1-орунду, 13 чыны кымыз ичкен Кочкор-Ата шаарынын тургуну 2-орунду, 11 чыныдан кымыз ичкен Шайдан жана Ноокен айыл өкмөтүнүн тургундары 3-орунду алып, акчалай сыйлыктар жана тиешелүү даражадагы дипломдор менен сыйланышты. Бул сыйлыктарды ээлерине облус башчысы К.Сатыбалдиев жана Ноокен районунун акими тапшырып, жеңүүчүлөрдү куттукташты.

Бул маданий иш-чара Ыйман, адеп жана маданият жылына карата уюштурулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 897
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×