При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-август
68.71    80.58    1.15    KZT 0.21

Жалал-Абад шаарынын депутаттары бюжетти бекитпей, Европа банкы берген насыяга 500 миң сом туум кошулду

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы таза суу жана канализация системасын оңдоо үчүн Европа өнүктүрүү жана кайра куруу банкы тарабынан берилген каражаттын кайтарымы болбой, 6 айда эле 500 миң сом туум кошулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Жалал-Абад шаардык «Суу канал» башкармалыгынын жетекчиси Айтбай Мусаев билдирди.

Анын айтымында, Европа өнүктүрүү жана кайра куруу банкынын долбоорунун алкагында шаарда суу системалары жаңыланып жатат. Долбоорго ылайык банк тарабынан 7 млн евро бөлүнсө, анын 3 млн евросу насыя иретинде, 4 млн евросу кайтарымсыз берилген. Насыя иретинде берилген каражаттын эсебинен быйыл 15 млн сом кайтарым болушу керек болчу.

«Шаардык кеңештин депутаттары бириге албагандыктан бул маселе каралбай турат. Жыл башынан бери кайтарылуучу каражатка күн сайын туум кошулуп отуруп, 500 миң сомго чыкты. Биз өзүбүздүн мекеменин эсебинен 1,5 млн сом гана которо алдык. Биз 2025-жылга чейин 3 млн еврону төлөп бүтүшүбүз керек. Ошондой эле, экинчи фаза үчүн 8 млн евролук долбоор жазылган. Бул каражаттын 5 млн евросун кайтарымсыз берүү жагын сүйлөшүп жатам. Бирок, бул кадам да кечигип жатат. Себеби долбоорго шаардык кеңештин депутаттары макулдук беришсе, андан кийин Жогорку Кеңеш тарабынан ратификациядан өтөт эле. Биздин жумуш аркага тартылып жатат», - деди мекеменин жетекчиси.

Окуя тууралуу:

Жалал-Абад шардык кеңешинин депутаттары бир пикирге келе албай, ушул айга чейин бюджет бекитиле элек. Шаардын бюджетин кабыл алуу боюнча кечээ, 2-августка белгиленген жыйын дагы өзгүлтүккө учурады. Көпчүлүк коалицияга кирген «Республика — Ата Журт» партиясынын 2 депутаты жана оппозицияда калган депутаттар келген жок.

«Жаңы багыт» көпчүлүк коалициясынын төрагасы С.Чымбердиевдин айтымында, бюджеттик комиссияга азчылыктан 5, ал эми көпчүлүктөн 4 депутат кирген. Бирок, азчылыкта калган депутаттар шаардын бюджетине байланыштуу комиссиянын жыйындарына келбей коюшкан. Мындан улам шаардык кеңештин депутаттары бүгүн кеңейтилген жыйын уюштуруп, шаар бюджетин кароо боюнча токтом кабыл алууну көздөшкөн.

«Кеңейтилген жыйында бюджетти кароо боюнча токтом кабыл алуу каралмак. Сессияга 15 депутат келди, экөө азырынча келе элек. Бир депутатыбыз ооруп калганына байланыштуу келе алган жок. Шаардык кеңеш тарап кетиши мүмкүн болуп турат. Ошондуктан жок дегенде бюджетти кабыл алып берип, андан кийин тарап кетели деп жатабыз. Бала бакчаларды, мектептерди оңдоо керек, бүтпөгөн жумуштар көп. Азыр 235 млн сом иштетилбей турат. 16 депутаттын добушу менен бюджетти кабыл алууга мыйзам жол берет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 687
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу