Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Ноокендин 20 жаштагы тургуну 1 кг марихуана менен кармалды

Turmush -  Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүчү кызматкерлери тарабынан 20 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, 31-июлда жүргүзүлгөн ыкчам текшерүү учурунда 20 жаштагы Х.Ж. жанында алып жүргөн баштыктан өзгөчө жыты бар зат табылган. Алынган зат экспертизага жөнөтүлүп, 1 кг салмактагы марихуана экени аныкталды.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси (баңгизатты мыйзамсыз сактоо) боюнча кылмыш иш козголду. Кылмышка шектүү катары кармалган Х.Ж. Ноокен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 761
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
19:13,   14.12.2017   ( 4 адам окуп жатат)
×