Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.57    80.64    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Гиссар койлорду баккан сузактык Сыймык чоң кочкорду 200 миң сомго сатуудан баш тартты (фото)

Turmush -  Жалал-Абаддагы Сузак районунун тургуну Сыймык Мырзакматов 10 жылдан бери эт багытында гиссар породасындагы койлорду багып келет. Учурда 200 тубар койду жайлоодо багып жатат. Ал эми, кочкорлорду сентябрь айына чейин үйүндө багып, күзүндө базарга алып чыга баштайт. Фермердин иши менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышып келди.

«Жөнөкөй койго караганда гиссар койлор этти көп берет. Үйдө тукум алуу максатында кармалган койлордун эң чоңу 8 жылдан бери багылып жатат. Аны былтыр 200 миң сомго сурап келишкенде бергибиз келген жок. Андан тукум алуу үчүн сурагандар көп. Андан кийинкилери 3 жашар, 2 жашар бир жашар кочкорлор. Былтыркы жылы кочкорлор 65 миң сомдон сатылып, чоң кочкорду сатуудан баш тартып койдук. Кочкорлорду жакшылап баксаң 60-90 кг чейин эт берет, койлор 40 кг жогору болот», - деди Сыймык мырза. 

Быйыл тукум берүүчү кочкорлорду 60 миң сомдон жогору баалоону пландап жатканын кошумчалады. Бирок, мындай койлорду багуу оңой иш эмес. Аларды тоютунан кем кылбай, өз учурунда ветеринарларга көрсөтүп, дарылатып туруу керек. Кышкысын ар бир койго күнүнө  2,5 кг тоют камдайт.

«Тоютка дагы акча кетет. Малды багуу түйшүгү бар, жакшылап карасаң акыбети кайтат», - деди С.Мырзакматов.

Учурда асыл тукум чарба түзүү аракетин көрүп жатканын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1309
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×